Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын карады.
Анын жыйынтыгында, Жээнбеков УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырылды.
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, учурдагы депутат УКМК тарабынан 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кениндеги коррупцияга тиешеси бар деп шектелип, Биринчи Май райондук соту аны УКМКнын СИЗОсуна отургузган.