7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Чакан ГЭСтер өндүргөн электр-энергиясын мамлекет 100% сатып алат

738

Кыргызстанда электр энергиясын колдонуучулардын 70% эл, 30%ы ишкер чөйрө. Бул тууралуу бүгүн, Президент менен  ишкерлердин жолугушуусундагы докладда айтылды.  Президент ишкерлерди чакан ГЭСтерди курууга чакырып, алар өндүргөн электр энергиясын мамлекет толук сатып алаарын убада кылды. 

«Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу боюнча, менчелик бул тармактын ачуу-таттуусун көргөн адам болбосо керек»,-  деген ишкер Рахат Ырсалиев, электр-энергиясын өндүргөн чакан ГЭСтерди куруу замандын талабы экендигин, аны Ата-Мекендик ишкерлер кура алаарын айтты.

«Камбар-Ата ГЭСин куруу үчүн ондогон жылдар кетет. Ал эми чакан ГЭСтерди 1 жылда салса болот. Мамлекеттен бир тыйын да кетпейт. Күйө турган болсо, биз күйөбүз. Бизге кепилдиктин кереги жок, кредитти өзүбүз алабыз.  Бирок, мамлекет өндүрүлгөн электр энергиясын 100% кепилдик менен сатып алыш керек» -дейт ишкер Рысалиев.

Ал ошону менен бирге, ишкерликтин бул тармагын өнүктүрүү үчүн тез арада Мамлекеттик тариф коюлушу керектигин белгиледи. 

Президент,  бул тармакты өнүктүрүү үчүн мурдагы министрге атайын тапшырма берип, аткарбагандыгы үчүн кызматтан алаганын айтты.

«Мен келээрим менен мурдагы министрге  жеке чакан ГЭСтер менен келишим түзүп, электр-энергиясын 2,9 сомдон сатып алууну жолго коюусун тапшырма бергенмин. 2 айдан кийин келишим түздүк деп айткан. Жакында кайра сурасам, «чечилген»-, деп, даагы калп айтты. Мына ошонун негизинде ал киши кызматтан кетти», -деди өлкө башчысы.

«Чакан ГЭСтер өндүргөн электр-энергиясын мамлекет сатып албаса, бул тармак өнүкпөйт», деген президент тийиштүү кызматка, 2 күн ичинде бул маселени толук чечип, мага жума күнү отчёт бергиле деп тапшырды.

«Эгер 2 күндө чеч албасаңар, даагы да созуп, бюрократия менен алектенсеңер, анда толук жетекчилигиңер арыз менен келгиле. Мындан аары указ, мыйзамдарды аткарбай, бюрократия менен алектенсеңер жөн эле кетпейсиңер, камаласыңар! Мен муну бүткүл элдин алдында айтып коёюн«-деп эскертти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

739