7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош – Бишкек жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, 4 адам жабыркады

264

Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун болжол менен 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык катталган аймакка өрттү өчүрүүгө саат 14:29да кызматкерлер келип, саат 14:38де авариялык куткаруу унаасы менен 3 куткаруучу жана ИИМден 1 экипаж жөнөтүлгөн. Өрт саат 15:40та толук өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен 4 адам жабыркап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканага жеткирилген. Ошондой эле, Мерседес-Бенц жана Хонда-СРВ жеңил унаалары күйгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

265