Министрлер кабинети министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын санын оптималдаштырды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Бул чечимге ылайык 9 аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында министрлердин орун басарларынын жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын 14 штаттык бирдиги кыскартылат.
Тагыраагы:
- Экономика жана коммерция министрлиги,
- Финансы министрлиги,
- Тышкы иштер министрлиги,
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,
- Айыл чарба министрлиги,
- Билим берүү жана илим министрлиги,
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги,
- Санариптик өнүгүү министрлиги,
- Министрлер кабинетине караштуу КРнын Социалдык фонду.
Мындай чечим президенттин «Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында чыгарылды.
Ар бир министрликте канча орун басар ишинен кыскартылганы такталган жок. Буга чейин Жаратылыш министрлиги менен «Кыргызпатенттеги» орун басарлык кызматтар жоюлган.