7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бычак сайганда “өлтүрбөңүз” деп суранды». Шектүү эне-балдарды өлтүргөнүн мойнуна алган

2007

Бүгүн аялды эки баласы менен өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиевдин соту өтүп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы айтылды.

Чынтемир Аширалиев алгычкы көрсөтмөсүндө эне-балдарды өлтүргөнүн мойнуна алган. Бүгүн сотто шектүүнүн кылмыш болгон үйгө барып тергөөчүлөргө каргаша тууралуу айтып берген видеосу көрсөтүлдү.

Айыпталуучунун сөзү:

  • Ашканага кирип столдогу аракты куйгам, Канзаманова аркы бөлмөдө кызын тилдеп жатты. Ызы-чуу болуп кеткенинен чыксам чачташып турушуптур. Алтынайды сүйрөп алып чыгып, балдарга уктай бергиле дедим. Арактан кийин вино куюп бердим.
  • Столдо бычак турган. Алтынай “өлтүрөм, мага мындай кыздын кереги жок” деп чуркап жатты.
  • “Катыныңа, туугандарына, кесиптештериңе кандай мамиледе жүргөнүбүздү айтып, уят кылам” деди. Бычакты кандай алганым эсимде жок. Отурган жеринен “успокойся” деп артына сайдым. Канча жолу сайганым эсимде жок, аял жатып калды
  • Андан кийин Салим (7 жаштагы уулу) уктап жаткан бөлөмгө кирип, аны муунта баштадым. Оозун жаздык же колум мененби, бастым.
  • Сайкалга келсем уктабай эле жатыптыр, “эмне болду?” деп ыйлады. Турганда артынан колумду мойнуна салып муунттум, жыгылды. Бычакты ич жагына сайдым. Ал эки колу менен бычакты кармап “өлтүрбөңүз” деди. Жатып калганда Салимге кирип кеттим. Анан эле Сайкал айнектен секирип кетиптир.
  • Сырттан көтөрүп келип жаткырып, тепкич, дубалдардагы кандарды сүрттүм. Сайкалда бармак издери калды деп душка алып барып бетин жуудум.
  • Улам-улам Салимдин жанына барып, көпкө отурдум.
  • Милицияга эч доом жок, ыктыярдуу айтып берип жатам. Өзүм милицияга келейин деп жаткам. Жасалган ишке өкүнөм, кечээ уктабай күттүм.
  • Тергөөчүнүн “3 адамды сиз өлтүрдүңүзбү?” деген суроосуна айыпталуучу “ооба” деп жооп берген.

Аширалиев сотко келгенде мында берген көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан.

Булак: Спутник

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2008