Бүгүн аялды эки баласы менен өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиевдин соту өтүп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы айтылды.
Чынтемир Аширалиев алгычкы көрсөтмөсүндө эне-балдарды өлтүргөнүн мойнуна алган. Бүгүн сотто шектүүнүн кылмыш болгон үйгө барып тергөөчүлөргө каргаша тууралуу айтып берген видеосу көрсөтүлгөн.
“Катыныңа, туугандарына, кесиптештериңе кандай мамиледе жүргөнүбүздү айтып, уят кылам” деди. Бычакты кандай алганым эсимде жок. Отурган жеринен “успокойся” деп артына сайдым. Канча жолу сайганым эсимде жок, аял жатып калды»,- деген шектүү.