Кечээ, кечке маал тажик жарандары Ош — Баткен — Исфана жолундагы Эки-Таш тоосунан кыргызстандыктардын унааларын таш бараңга алды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлады.
Чек ара кызматынын маалымат катчысы окуяны тастыктап, жабыркагандар жок деп билдирди.
«Окуя болгон жерге жетип келген Көк-Таш чек ара заставасынын жетекчиси асманга үч ирет ок аткандан кийин, Тажикстан жарандары өз аймагына качып кирип кеткен. Андан кийин Эки-Ташта дароо Кыргызстан менен Тажикстан чек ара заставаларынын жетекчилери жолугуп, абалды турукташтыруу максатында кошумча аскерлерди коюшкан. Тажик тарап чатакка катышкандар изделип жатканын кабарлады», — деп жазат Чек ара кызматы.
Андан мурдараак, түш ченде саат 14:30га чукул Лейлек районуна караштуу Сай жерлигинин тушундагы такталбаган аймакта Тажикстандын чек арачылары өзүнүн постуна миномёт орноткон. Кыргызстандык Дамба жана Максат айылдарынын маңдайындагы тажик аймагында тажикстандык аскерлер топтолгон.
Абалдын курчуп кетпешин көзөмөлдөп чатак болгон жерде Чек ара кызматынан Баткен облусу боюнча башкармалыгы менен Баткен чек ара отрядынын жетекчилери жүргөнү айтылды.
Эске салсак, буга чейин 23-декабрга караган түнү Көк-Таш айылына тажиктер тарабынан ок атылганы айтылган.