7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Журналист Болот Абдыжапаров мамлекеттик кызматка дайындалды

976

Журналист Болот Абдыжапаров Нарын облусунун Ат-Башы районуна акимдин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу журналист өзү кабарлады.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматка дайындоо тууралуу сунуштаманы министрлер кабинетине райондун акими берген.

«Райондук акиминин өкмөткө берген сунуштамасы менен, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буйрукка кол койду. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев жамаат менен тааныштырып кетти. Мен ойлойм, бул кызмат өтө деле чоң кызмат эмес, мени менен тең балдар мындан чоң кызматты аркалап атышат», — дейт ал.

Болот Абдыжапаров

37 жаштагы Болот Абдыжапаров Ат-Башы районунда туулган. Борбордогу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими. .

Абдыжапаров эмгек жолун 2007-2009-жылдары КТРКдагы «Кыргызстан» редакциясынын кабарчысы болуп иштеп баштаган. Андан соң 2009-2010-жылдары КТРК, ЭЛТР каналдарында редактор, андан кийин продюсер болуп иштеген.

2018-жылы «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы болуп эмгектенген. Кийин «Бешинчи канал», «Жалбырак ТВ» каналдарында кабарчы болуп иштеген.

Үстүбүздөгү жылы «Наждак медиа» сайтына директор болгон. Бирок көп узабай бул жумуштан кетип, ушул эле жылы «Тынчтык» партиясы менен Бишкек шаардык кеңешине аттанып жеңишке жеткен эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

977