Ош шаарында мас айдоочу 3 унааны сүзүп, аны токтотуу үчүн асманга ок чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-декабрда саат 02:00 чамасында Ош ШИИБи «Бахус» рейддин өткөрүү учурунда «Рено» үлгүсүндөгү унааны Осмонов көчөсүнөн токтотууну талап кылган. Айдоочу тескерисинче качып жөнөйт.
Жол тескөөчүлөр Осмонов-Мамыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куюучу жайдан токтотууга аракет жасаганда, кайгуул кызматына таандык унаанын айдоочу тараптагы эшигин сүзүп качкан.
Андан соң Касымбеков — Разаков көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаанын оң тарабын сүзүп, жолдун батыш тарабында токтоп турган оор жүк ташуучу «Хово» үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон.
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери айдоочу унаасы менен качып бара жаткан учурда аны токтотуу максатында «ПМ» тапанчасы менен эскертүү иретинде 2 жолу асманга карай ок чыгарган.
Ош облустук наркологиялык бөлүмүнүн токтомуна ылайык, айдоочу М. уулу Т. мас абалда экендиги аныкталган. Ал Кара-Суу районунун тургуну, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болгон.
Учурда ага карата Укук бузуулар кодексинин
- 128-беренеси (жазанасы 3000 сом),
- 185-беренеси (жазанасы 5500 сом),
- 188-беренеси (эң жогорку жазанасы 10000 сом),
- 189-беренеси (жазанасы 7500 сом),
- 192-беренеси (жазанасы 5500 сом),
- 193-беренеси (жазанасы 17500 сом) менен административдик протоколдор түзүлүүдө.
Ошондой эле, бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) белгилери менен катталып, айдоочу М. уулу Т. Жазык-процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.