7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош. Мыйзамсыз курулуш менен күрөшүп жаткандардын айлыгын көтөрүү сунушталды

585
Кечээ, 30-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Анда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын ишмердүүлүгү жана муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча күн тартибине, эки маселе коюлду.
Шаар башчысы муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер көңүл жылытаарлык эмес деп белгиледи. Анткени салык кызматынан кийин эле жергиликтүү бюджеттин казынасын толтурууга кам көргөн ишкана болуп туруп, толук кандуу иштер жүрбөй жаткандыгына токтолду. Аны менен катар аталган ишкананын башчысына каттуу эскертүү берип, орун басарлардын жана бөлүм башчылардын иш орунун карап, аткарып жаткан жумуштары боюнча дыкат текшерүүнү талап кылды.
Мындан тышкары, муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, өз билемдик менен турган соода түйүндөрүн болтурбоо иштерин тынымсыз жүргүзүү тапшырмасын берди.
Жыйында мыйзамсыз курулуштар менен иштеп жаткан кызматкерлердин айлык акыларын көтөрүү жаатында да сунуштар берилди.
Башкармалык тарабынан 8 айда жергиликтүү бюджетке пландалган акча каражатын түшүрүү 100%га аткарылган, өткөн жылга салыштырмалуу 51,9%га көп. 367 ижара келишимдери түзүлгөн. Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштеринин алкагында 108 соода түйүнү, 11 даана контейнер, 279 темир гараж, 44 капиталдык курулуш, 2610 метр капиталдык курулган тосмо, 3200 метр ар түрдүү темир тосмолор, 460 прилавкалар алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586