7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«5 адамдын башы жок». Түрмөдөгү урушта 116 адам каза болуп, 80ни жаракат алды

5010

Эквадордун Гуаякил шаарындагы түрмөдө чыккан тополоңдон кеминде 116 киши мерт болуп, 80дей киши жаракат алды.

Бийлик өкүлдөрү Литорал абагындагы тополоңго эл аралык баңгизат картелине байланышы бар кылмыштуу топтор себеп болгонун, кеминде беш кишинин сөөгү башы кесилген абалда табылганын билдирди.

29-сентябрдагы бул окуядан улам президент Гильермо Лассо Эквадордо өзгөчө кырдаал жарыялады. Ал бийлик абактагы абалды толук көзөмөлгө ала электигин айтты.

«Түрмөлөр кылмыштуу топтордун таасир талашынын чордонуна айланганы өкүнүчтүү», — деди Эквадордун президенти.

Өзгөчө кырдаал өкмөткө түрмөлөргө кошумча күч жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эквадордун Улуттук реабилитация кеңешинин мурдагы башчысы Леди Зунига Борбордук Америкадагы бул өлкөнүн тарыхында Литорал абагында мынчалык чоң тополоң чыгып көрбөгөнүн, бийлик былтыр февралда дагы бир түрмөдө болгон кыргындан сабак албаганын айтты.

Эске сала кетсек, бул Эквадордогу алгачкы кан төгүү эмес. Ушул эле жылдын февраль айында дагы Литорал түрмөсүндө уруш чыгып, 79 кылмышкер каза болгон.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5011