Өлкөдө 1-октябрга карата коронавирус дагы 76 адамдан аныкталып, 99 адам илдеттен сакайып чыккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
- Бишкек шаарында – 42,
- Ош шаарында – 1,
- Чүй облусунда – 20,
- Талас облусунда – 2,
- Ысык-Көл облусунда – 8,
- Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
Жалпы пандемия башталгандан бери 178 миң 608 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 305 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду.