7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров улууларга болгон урматы менен 1-октябрь Карылар күнү менен куттуктады

807

Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу аксакалдуу аталар жана ак элечек апалар! Кымбаттуу кадырман ардагерлер!

Кылымдардан бери кыргыз калкы карыяларын кастарлап-барктап, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келгендигин нускалуу тарыхыбыз таамай айгинелеп турат.
«Карысы бардын ырысы бар», «Карынын кебин капка сал», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка» деген сындуу ташка тамга баскандай макал-лакаптар бүгүнкү күнгө чейин таасирин жоготпой, улуу муунду кадырлоонун уңгулуу насыяты катары калкыбыздын аң-сезиминде бекем орноп, так аткарылып келатканы буга далил.

Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын акыл-насааты, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн улуу сабак. Түптүү, байыркы элибиздин жашоо шартында улууларга өзгөчө сый-урмат көрсөтүү — калкыбыздын каада-салтындагы өрнөктүү жөрөлгө, бекем адат.

Эли-жерибиздин руханий баалуулуктарын, улуттук нарк-дөөлөттөрүн, ыйык касиеттерин көөнөртпөй сактап, жаш муундарга мурастап жатканыңыздар — Кыргызстандын баа жеткис байлыгы. Карыяларыбыздын айткан акыл кептери менен даанышман ойлору келечекке багыт алган жолдо шам чырак болуп берет

Урматтуу аталар, апалар!

Сиздер бар үчүн биз барбыз, биздин мамлекетибиз бар! Ал үчүн сиздерге ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт” деген сыңары, ак батаңар, кеп-кеңешиңер менен өлкөбүздүн өрүшү кеңейип, өркүндөп-өсөрүнө бекем ишенем.

Мамлекет жана коом карыяларыбыздын кем-карчына, суроо-талаптарына ар дайым көңүл буруп турушу зарыл. Анткени, кутман куракка жеткен ата-апаларыбыз кийинки урпактарга, жалпы эле Ата Журтка жасаган асыл эмгеги үчүн мамлекет тарабынан камкордукка алынууга толук акылуу.

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден чыккан куттуктоомду кабыл алыңыздар. Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, кажыбас кайрат тилейм. Ак сакалын жайкалткан аталар, ак элечегин башынан түшүрбөгөн энелер төрдүн көркү, акылдын кенчи болуп жүрө бериңиздер! Бар болуңуздар!»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

808