7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облусунда 3-класстын 6 окуучусу ууланып ооруканага жаткырылды

320

2-февраль күнү Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Дадан Султанов атындагы жатак интернатында 3-класстын 6 окуучусу ууланып, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, учурда алардын абалы жакшы жана алар неврология бөлүмүндө дарыланып жатышат.

«Балдардын ашказаны жуулуп, керектүү жардам өз учурунда берилди. Окуучулардын эмнеден улам ууланганы белгисиз, бирок алардын анализдери чыккандан кийин дарылоону дагы да күчөтөбүз», — деди оорукананын башчысынын орун басары Жыргалбек Кадыров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

321