Ош облусунда 4 жашар бала оюнчук ышкырыгы менен ойноп жатып, аны жутуп, каза болгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-декабрда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында 2016-жылы туулган бала М.А., үйүндө ойноп жатып, байкабай желим ышкырыгын жутуп алган.
“Ата-энеси балага өз алдынча жардам берүүгө аракет кылышкан, бирок натыйжасы болгон эмес. Ал 20 мүнөттүн ичинде чарчап калды”, – деп билдиришти милициядан.
Баланын 1997-жылы туулган энеси жана башка туугандары баланы эс-учун жоготуп койду деп ооруканага алып келишкен. Бирок бала буга чейин каза болуп калган. Туугандары экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышты.