Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 3-августта саат 20:06да Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Кабак, Ачык-Суу айылдарында 2,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.