Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 19-сентябрь күнү саат 08:40та катталган.
«Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилди. Ошондо эле 19-сентябрь күнү саат 21:21де жер титирөө Алай районунун Сары-Таш жана Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», — деп берилет маалыматта.