Кыргызстандын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык-Шер-Нияз самокат тепкен видеосун фейсбук баракчасына жүктөп, келечектин унаасын өздөштүрүүгө чакырык таштады.
«Керек болсо ат минген кыргызга эмне болуптур. Таңгөрү!«-деп, самокатты үйрөнгөн элчи бул буюмду, келечектин транспорту деп атады.
«Эң негизигиси келечектин транспорту ушул деп ойлойм. Бир кезде Америкадан ойлоп табылган контейнер менен жүк ташуу системасы биринчи эле жылы Америкага 50млрд доллар киреше алып келген дешет. Азыр Европанын баардык шаарларына самокат системасы иштей баштады. Экономикасы эбегейсиз. Мен муну 4-5 жыл мурун Лос Анджелестен көрдүм эле. Азыр Парижде самокат кадимкидей эле көрүнүш«- деп жазат.
Мындан улам, калкы күнүмдүк тамактын амалын таппай бушайман болгон Кыргызстандын чиновниктери жолтандабастарды мода кылууну качан токтотот деген ой келет. Өзү жетектеген мекеменин бюджети аз, айлыгы 20-30 миң болгон чиновниктер 30-40 миң доллар турган жол тандабасты минип, карапайым элден кабар алганы баруусу, текебердик эмес эмне?