Энергетика министрлиги жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн түштүк аймагынын энергетикалык потенциалын чыңдоого багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Анын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунда орнотулган кубаттуулугу 27 МВт болгон «Папан» чакан гидроэлектр станциясынын курулушу улантылууда.
Учурда төмөнкү иштер аткарылды:
• гидроэлектр станциясынын имараттары курула турган аймакка чейинки узундугу 8 чакырымды түзгөн убактылуу жүрүүчү жолдун курулушу аяктады;
• Папан суу сактагычынын чөйчөгүндө (чашасында) суу алуучу курулманы куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди;
• ГЭСтин имаратын жана 110 кВ чыңалуудагы ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү (ОРУ-110 кВ) камтыган өндүрүштүк түйүндү куруу үчүн жерлерди бөлүү жана трансформациялоо боюнча жол-жоболор жүргүзүлүүдө;
• курулуш мезгилинде электр энергиясын пайдалануу үчүн техникалык шарттар иштелип чыгып, макулдашылды;
• Папан ГЭСинен «Узловая – Беш-Мойнок» 110 кВ аба чубалгысына (ВЛ-110 кВ) чейин аба электр берүү чубалгысын тартуу үчүн таянычтарды орнотууга керектелүүчү жер тилкелерин бөлүү маселелери каралууда.
Мындан тышкары, долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу улантылууда, курулуштун алдын ала планы аныкталды, Папан суу сактагычынын аймагына кирүүгө уруксат алынды жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, Папан ГЭСинин курулушунун капсула салуу аземи 2024-жылдын 5-октябрында болуп өткөн.



