Бүгүн саат 03:54дө Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Алай районунун Кабылан-Көл айылынан түндүк-чыгышка карай 3 чакырым, Алга-Бас айылынан түштүк-батышка карай 5 чакырым аралыкта жайгашып, Алга-Бас, Кабылан-Көл айылдарында 3,5 балл, ал эми Кара-Суу районунун Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.



