7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

489

УКМК Мекемелер аралык жумушчу топ Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Бул тууралуу аталган ведомствадан маалымдашты.

“Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын” ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында диний экстремизм идеологиясынын жана салттуу эмес диний агымдардын жайылышына каршы туруу, ошондой эле Ош областында диний кырдаалды жакшыртуу максатында, 20-июлдан тартып  УКМК, Ички иштер министрлигинин, ДИМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрүнөн, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жана КМДБдан турган ведомстволор аралык жумушчу топ Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун өкүлдөрү белгилегендей, Ош облусунда диний кырдаалга терс таасирин тийгизген жана динге ишенгендер арасында радикал-экстремисттик идеологиянын жайылышына шарт түзгөн негизги факторлор болуп төмөнкүлөр саналат:

-белгиленген архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактабастан жана калктын реалдуу керектөөлөрүн эсепке албастан диний объектилерди башаламан куруу;

— диний окуу жайларында билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын жоктугу, жеке жана формалдуу эмес диний түзүмдөрдөгү («худжра», «таалим», «дарс» ж.б.) диний билим берүү процессине көзөмөлдүн жоктугу.

Көрсөтүлгөн шарттарда ведомстволор аралык топтун ишинин жүрүшүндө “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КРнын Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 48 мечитке, 40 диний окуу жайга карата талаптар, актылар түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди, 15 факты боюнча материалдар ББРга (9 мечитке, 6 диний билим берүү мекемесине) катталды, 7 материал МКЖ АМСга каттоого алынды.

39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Толтурунган протоколдордун негизинде 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды. Христиандык багыттагы 18 диний объектинин иши текшерилди.

Белгиленген архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу менен курулгандыгы үчүн (“кызыл сызыкта” турган) 39 мечит каттоого алынбай турганы жана тиешелүү документтери жок экени аныкталды.

Комиссиянын иш-чарасынын алкагында 23-июлда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратында координациялык кеңешме болуп, анда диний чөйрөдөгү орун алган көйгөйлөр талкууланып, аныкталган кемчиликтер айтылды. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча компетенттүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар берилип, диний жана сыйынуу жайларынын жетекчилерине аныкталган кемчиликтерди четтетүү, түшүндүрүү-профилактикалык иштерди, диний экстремизмдин көрүнүштөрүнүн алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгы айтылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

490