Ысык-Көлдүн Бостери айылында топ балдар арасындагы мушташтан улам 23 жаштагы жигитти 7-8 бала сабап өлтүрүп коюшкан деген маалымат тараган. Маркумдун агасы видео аркылуу коомчулукка кайрылып, тергөөчүлөр кайдыгер мамиле жасап жатат, инимин өлүмүнө «эпилепсия оорусу себеп болгон» деген тыянак чыгарып коюшкан деп айтып чыккан. Ошол эле күнү,Президент Садыр Жапаров бул ишти өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган.
Бүгүн, маркумдун агасы экинчи ирет кайрылуу жасап, төмөндөгүлөрдү билдирди:
«Иним бул жактан достору менен Бостериге эс алганы жолго чыккан. Ошол эле күнү түнкү саат 12 лерде Бостериден 7-8 бала сабап, иним көз жумду. Жүрөгүбүздөн кан агып турганда Бостеринин тергөөчүлөрү «бала тилин жутуп алды» деген сыяктуу ыплас сөздөр менен ар кандай көрсөтмөлөрдү берип салыптыр. Андай болгон эмес, аны атайын сабап өлтүрүшкөн. Тергөөчүлөр ишке кайдыгер карагандыктан, ушу убакка чейин күнөлүүлөр табылбай жатат. Инимдин чекеси жарылып, башынын арт жагына кан уюп калган экен. Биз касташууга барбайбыз, бирок адилеттүүлүктөн тайбайбыз, акырына чейин барабыз», — деди ал.