7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облусунун жаңы жетекчиси айылдарга көңүл бураарын айтты. Алгачкы интервьюсу

1993

Президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган, Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Зияддин Жамалдинов бүгүн жамаатка тааныштырылды. Коомчулукту кызыктырган суроолорго аймактык кабарчыбыз Роза Акматжан кызы жооп алды.

Сизди министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жердеш экен деп талкуу жаралды,  кызматка дайындоодо жердешчилик жардамга келдиби?
-Улукбек Асамидинович менен туура жердешпиз аны танбайм. Мен Ноокаттын Кулатов айыл өкмөтүнөн болом. Мени Президент өзү түздөн-түз дайындап жатат. Коомчулукта ар кандай кептер айтыла берет экен. Менде андай нерсе (жердешчилик) болгон жок. Эң башкысы мен иш жасоо менен өзүмдү көрсөтөм деген оюм бар.

-Буга чейинки өкүл Жарасул Абдураимов 10 өндүрүштүк ишкана ачуу боюнча долбоорду даярдап койгон болчу, ал иштерди улантасызбы?

-Азыр ал 10 долбоор менен тааныша элекмин. Карап чыгайын, кайсынысын алып кете алабыз, кайсынысы ишке ашат, кайсынысы ашпайт, көрбөй туруп айта албайм. Балким акча каражатын көп талап кылган өндурүштүр, аны эптеп баштап алган менен аягына чыгара албагандан кийин эмне кереги бар? А балким 10 долбоор тең керектүү, боло турган иштер болушу мүмкүн. Анда бардыгын улантып, бүтүргөнгө туура келет. Менде Жарасул Осмоналиевич баштаган эле алып кетпейм деген ой жок, башталган ишти улантып кеткенге аракет кылам.
-Өзүңүздө кандай пландар бар? Президент кандай тапшырмаларды койду?

-Биринчи планым Ош облусундагы айылдарда жашаган элдерге жакшы шарт түзүү. Бүгүнкү күндө кайсыл айылга барба метрика, ЗАГС ала албай убара тартышат, айылдыктар 80-90 чакырым жолду басып келишип, калкты тейлөө борборлорунда кечке кезек күтүп отурушат. Ушул сыяктуу убаракечиликтерди тез арада ордуна коюшубуз керек. Бул бир эле мисал, шарт түзүүдө мындай көйгөйлөр көп. Экинчиден инвестиция тартуу. Менимче Ош облусунда анчейин өндүрүш жок, көмүр жана топурактарды казышат болду. Андан башка оозго алынаарлык өндүрүш жок. Демек биз бул тармактарга инвестиция тартуу менен алдыга жылдырышыбыз керек.

Зиядин Жамалдинов — 1966-жылы Ош облусунун Ноокат районунда жарык дүйнөгө келген. Билими жогору, үч дипломдун ээси.

Бир канча жыл Ош облусундагы салык инспекциясында эмгектенген.  2005- жылы Жогорку- Кеңешке аттанып, жалпы 3-чакырылышта депутат болду. 2020-жыл, август айында өз ыктыяры менен мандатын тапшырып берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1994