7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин тапшырмасы. Мас абалында унаа айдагандарды текшерүү күчөйт

11913

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, өлкөнүн Ички иштер министрлигине мас абалында унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо жана Ысык-Көл облусунун аймагында, ошондой эле аталган облуска бараткан же келаткан жолдо алдын алуу иш-чараларын күчөтүү үчүн кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.

Мындан тышкары, автожолдордогу кыймылга, жол кыймылынын эрежелерин жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Бул чара мас абалындагы айдоочулардын күнөөсүнөн боло турган жол кырсыктарын алдын алууга багыталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

11914