7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Галина Байтерек Токио Олимпиадасына эмне үчүн кетти?

3566

Бүгүн, 23-июлда Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот. Оюндарда Кыргызстандын атынан негизги мелдештерге лицензия утуп алган 16 спортчу катышууда.
Оюндарды уюштуруучулар тарабынан катуу чектөөлөргө карабастан, өлкөнүн делегациясынын курамына бир нече аткаминерлер киргизилгени айтылууда.

Алар президенттик аппараттын башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев жана президенттик администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек, ошондой эле Жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев.
Мындан сырткары делегациянын курамына Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары жана Маданият министри дагы кирген. Бул тууралуу Кабарчы басылмасы жазып чыкты.

Эске салсак, Улуттук Олимпиада комитетинин расмий версиясы боюнча, делегациянын курамына 41 гана адам кирген, алардын катарында 16 спортчу, 14 машыктыруучу, дарыгер, массажист, команданын пресс-атташеси, федерациялар , мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3567