7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды

392

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан 11-августта Ош шаарында атайын техникаларды тапшыруу аземинде жарыяланган тапшырманын негизинде, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын өздөштүрүү жана ыйгарып алуу фактылары аныкталды.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мурдагы бухгалтери «А.А.» бир катар жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, мыйзамсыз түрдө айлык акыларды жана башка төлөмдөрдү бир катар мектептердин кызматкерлерине жүргүзгөн.

Алдын ала эсеп боюнча келтирилген зыяндын суммасы 8 940 684 сомду түздү. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

393