Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин XVIII сессиясы болуп өттү. Күн тартибинде 15 маселе коюлуп, депутаттардын сунуштары менен 2 маселе жана ар түрдүү маселелер күн тартибинен алынып салынып, жалпы 12 маселе каралууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Тизме:
- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык жана айылдык башкармалыктарынын аткарып жаткан иштери;
- Ош шаарындагы муниципалдык базарларда ишкерлерге түзүлгөн шарттар;
- Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жана “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын титулдук баракчаларына бөлүнгөн акча каражаттарынын пайдалануусу боюнча маалыматты угуу;
- “Ош шаарынын мэриясынын финансы башкармалыгы” мекемесин түзүүгө макулдук берүү;
- Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
- Ош шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын Жобосун бекитүү;
- Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февалындагы №203 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” жобого өзгөртүү киргизүү;
- Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы №107 “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү;
- Ош шаарында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү;
- Ош шаарынын аймагындагы айрым географиялык обьекттердин аталыштары;
- Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү;
- Ош шаардык Кеңешинин 2026-жылга иш планын бекитүү жөнүндө маселелер каралууда.
Сессиянын жүрүшүндө бир катар депутаттар Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүгүсүнө кошкон барандуу салымы, ак ниет эмгеги, шаардын коомдук-саясий, маданий турмушундагы активдүүлүгү үчүн 2025-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.



