Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаардын сууга түшүүгө коопту болгон жайларында прафилактикалык иш чараларды жүргүзүп, эскертме тактайчаларды илинип жатышат.
«Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эскертет!
Урматтуу ата энелер! Күн кескин ысып, суу бойлорунда эс алганы келген үй-бүлөөлөр, жаштар көбөйүүдө. Коопту болгон жайларга барганда балдарыңыздын, өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздарды караңыздар. «Кырсык каш кабактын ортосунда» деп коёт эмеспи, биз ошол кырсыкты болтурбай алдын алалы. Балдар биздин келечегибиз, балдарды кароосуз калтырбайлы. Дайыма көзөмөлдөп, жанында жандап жүрүңүздөр«-деп жазат Ош ШИИБи эскертет.
Милиция кызматкерлери тарабынан бул иш чара сууга түшүү сезону аяктаганга чейин улантылат.
Эске салсак, жыл башынан бери өлкө ичинде 28 жаран сууга түшүп каза болгон.