2021-жылдын башынан бери өлкө аймагында 28 адам сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифинг учурунда билдирди.
“2020-жылдын ушул учурунда сууга 19 адам чөгүп кеткен. Анын ичинен 12 эркек, 1 аял, 12 жашка чейин 5 бала, 18 жашка чейин бир өспүрүм каза болгон. Көрсөткүч айтып тургандай, жаш балдардын саны жогору болууда. Учурдан пайдаланып, ата-энелерге сууга түшүүнүн эрежелерин сактоо менен иш алып баруу керектигин эскертким келет”, — дейт ал.
Эскерте кетсек, Шамырканов бүгүнкү күндө 87 суучул-куткаруучу даярдыктан өткөнүн кошумчалады.