«Санарип Долбоор» ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн айтымында бул системаны Ош шаарында ишке ашыруу менен санариптештирүү багытындагы башка долбоорлорду жөнгө салуу жеңилдейт.
Ош шаарында «Геопартал» (кадастр) электрондук маалыматтык системасын долборлоонун ll- этабы башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ Ош шаарынын мэриясында «Геопартал» (кадастр) электрондук маалыматтык системасын долборлоонун l-этабынын жыйынтыгы жана ll-этабына коюлган пландар боюнча жыйын болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, «Санарип Долбоор» ЖЧКсынын өкүлдөрү, тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышты.
«Биринчи этап 2020-жылдын аягында аяктады. Анын алкагында 50 гектар жерди инвентаризациялоого, 3500 гектар жерди орто сүрөткө түшүрүүгө жетиштик. Ошондой эле, муниципалдык менчик башкармалыгын автоматташтыруу ишке ашкан. Мындан ары экинчи этап башталат. Анын алкагында 3450 гектар калган жер боюнча иштейбиз. Бул долбоор учурда Токмок жана Балыкчы шаарларында ишке ашып, муниципалдык менчик башкармалыгында колдонулуп жатат. Ал эми Ош шаарында башталган экинчи этап кийинки жылдын жаз айларында бүтөт«, — деди долбоордун адистери.
«Геопартал» (кадастр) электрондук маалыматтык системасы шаардын жер фондун санариптештирүүнүн пайдубалы гана. Келечекте бул система «Интерактивдүү карта», «Коопсуз шаар», «Акылдуу шаар» сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга салым кошот.