Тогуз-Тородо 58 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районуеда 28-август күнү Казарман айылынын 58 жаштагы тургуну Н.Б. аттуу эркек киши Туура-Кайың жайлоосуна карагат тергени кеткен бойдон кайтып келген эмес.
«Кечээ, 30-августта жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, издөө иштердин натыйжасында саат 16:00 чамасында маркумдун жансыз денеси табышып, ИИМ кызматкерлери тарабынан Тогуз-Торо райондук өлүк сактоочу жайына жеткирилген», — деп жазылат маалыматта.