7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарын көрктөндүрүү комбинатына жаңы жетекчи дайындалды

955

Ош шаарындагы «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын башчысы болуп Осмонов Жалил Акылбаевич дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаардын мэри Алмаз Мамбетов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

  • Мэрия ишканынын мурдагы жетекчиси Данияр Токторбаев  өз каалоосу менен арызын жазгандыгын айтты. Бирок, шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев аталган ишканага мэриянын бюджетинен бөлүнгөн каражаттар орунсуз пайдаланылып, натыйжа чыкпай жатканын эскертип, сессияда анын иштен кетүүсүн талап кылган.   Токторбаев  бул кызматка 2019-жылы 26-июнда дайындалган.

Жалил Осмонов -1964-жылы 27-мартта туулган. Жогорку билимдүү, 1989-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин, 2008-жылы ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1989-2000-жылдары мугалим;
  • 2000-2004-жылдары Алай райондук мамлекеттик администрациясында системалык администратор, бөлүм башчы;
  • 2004-2009-жылдары микрокредиттик компаниянын Алай районундагы бөлүмүндө директор;
  • 2009-2012-жылдары «Ага Хан» фодунун Ош шаарындагы бөлүмүндө директор;
  • 2008-2012-жылдары Алай райондук кеңешинин депутаты;
  • 2013-2016-жылдары өкмөткө караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Алай райондук бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2016-2018-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө каржы жана чарба секторунун башчысы;
  • 2018-2019-жылдары «Синжи-Пирим» жоопкерчилиги чектелген ишканасында реализатор;
  • 2019-жылдан баштап «Ош Пирим-ОСкен» ЖЧКнын директору кызматында иштеген.

Ошондой эле ал 2020-жылы Ош шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

956