Ош шаарына биринчи жолу аял вице-мэр дайындалды
1629
Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Рыскулова Венера Кадышовна дайындалды. Буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, бүгүн, 21-сентябрда кол койгон.
Венера Рыскулова -1981-жылы 13-октябрда Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулган.
- 2004-2010-ж.ж. — «Фондрегистр» жоопкерчилиги чектелген коомунун Жалал-Абад облусундагы филиалы – директордун орун басары;
- 2014-ж. — Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунун (ГВЦ) тышкы соода жана отун-энергетикалык баланстын статистикасынын маалыматтарын даярдоо бөлүмү — башкы адис;
- 2014-2016-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунун (ГВЦ) колдонуучулар менен иштөө жана байланышты камсыз кылуу бөлүмү – бөлүм башчынын орун басары;
- 2016-ж. — Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана маалыматтарды жайылтуу бөлүмү — Пресс-катчы;
- 2016-ж. — Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын улуттук эсептер жана экономикалык баланстар системасы бөлүмү — башкы адис;
- 2016-2017-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүнө бириктирилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча тобу (Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгы) — башкы адис;
- 2017-2018-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмү – референт;
- 2018-2019-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын көзөмөл жана жарандардын кайрылуулары бөлүмү – Референт;
- 2019-ж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын регламент жана Өкмөттүн отурумун уюштурууну камсыздоо бөлүмү – Референт;
- 2019-2021-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын жарандардын кайрылуулары сектору – Референт;
- 15.04.2021 — бүгүнкү күнгө чейин — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмү -Эксперт.
- Эки жогорку билимдин ээси, Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.