Ош шаарынын Туран кичи районунда жолбун ит жол катары 13 жашоочуну тиштеп кеткен. Алардын ичинде 2 баланын абалы оор болгондуктан, ооруканага түштү. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыял Ташполотов тастыктады.
Окуя 19-сентябрда, Ош шаарынын четиндеги Туран конушунда катталган. Жолбун ит жол боюнда бараткан 2 чоң кишини жана 11 жаш баланы тиштеген.
«Ит капкан жарандар рабиологдун көзөмөлүнөн өттү. Жалпы 13 жаран, алардын ичинен 2 өспүрүмдүн абалы салыштырмалуу оор болгондуктан облустук ооруканага жаткырылды. Башкаларына алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, тийиштүү анализдер алынган соң үйлөрүнө кайткан»-дейт Ташполотов.
Азырынча итте кутурма оорусу болгонбу, жокпу анализи чыга элек.
Оштогу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, былтыр калаада түрдүү жандыктын тиш салганына даттанып 240 адам кайрылган. Анын тең жарымы 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Быйылкы жылдын сегиз айында мындай даттануулардан 196 учур келип түшкөн. Бирок кутурма менен ооругандар катталган жок.
Ит же башка жаныбар тиштеген адамда кутурма оорусу пайда болушу ыктымал болгондуктан дарыгерлер мындай учурда дароо медицина жайына кайрылуу керектигин эскертип келишет.