Кечээ, 20-сентябрында Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду. Ага Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да катышты.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө өлкөнүн байыркы тарыхын, кооз жерлерин, улуттук спорт оюндарын, маданиятын жана жаратылышын, ошондой эле КРнын БУУ менен болгон мамилесин чагылдырган сүрөттөр көрсөтүлдү.
Сүрөт көргөзмө Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышкан чет мамлекеттердин делегацияларынын бардык мүчөлөрүнө жеткиликтүү болгон.
Эске салсак, тышкы иштер министри Казакбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барган.