Талас облусунун Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу маалыматты Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын июнь айынан бери Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну, 1971-жылы туулган Биримкулов Бактыбек Настаевич өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн ички иштер органдарынан изин жашырып, качып жүрөт.
Шектүүгө 1-июлда Кара-Буура райондук ички иштер тарабынан издөө жарыяланган.
Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 см, денеси орто түзүлүштө, бети тоголок.
“Кара-Буура РИИБи Б.Биримкулов боюнча кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү байланыш телефондоруна кайрылып коюнуздарды өтүнөт. 03422-5-27-79 жее 102 кызматына”, — деп жазылат маалыматта.