26-27-август күндөрү ОшМУнун педагогикалык факультетинде шахмат боюнча Ош шаары боюнча ачык чемпионат болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, спорт жана дене тарбия комитетинин кызматкерлери, КРнын шахмат федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана шахмат сүйүүчүлөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чемпионатка 7 облустан, Бишкек жана Ош шаарларынан 7 жаштан 70 жашка чейинки катышуучулар келген. Катышуучулар жаш курагына карап топторго бөлүнүп ойношту. Жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул спорттук мелдеш Ош шаарынын мэриясынын спорт жана дене тарбия комитети жана КРнын шахмат федерациясы тарабынан уюштурулган.