7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында эл аралык поэзия фестивалы өткөрүлөт

266

28-майдан 30уна чейин Ош шаарында кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарынын “Жашыл аалам” фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жазуучулар союзу билдирет.

Фестивалга Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн жаш акындар катышат.

Иш-чара түрк дүйнөсүнүн элдеринин ортосундагы маданий жана адабий байланыштарды бекемдөө, жаш акындарды колдоо, түрк дүйнөсүнүн поэтикалык мурасын жайылтуу, чыгармачылык диалогду куруу максатында уюштурулууда.

Жолон Мамытов 1940-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Башат жана Мухит” жана башка поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Акын 48 жашында дүйнөдөн кайткан.

267