Бүгүн, 25-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында күзгү массалык чуркоо болуп өттү. Ага шаардык мэриянын, мекеме ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, күч органдарынын өкүлдөрү, шаар тургундары, студенттер, мектеп окуучулары, спорт сүйүүчүлөр катышты.
Мэриянын маалымат кызматы массалык чуркоого жалпысынан 4000ге жакын жаран катышканын жазды. Катышуучулар жаш курагына карап бөлүнүп, 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашкан.Шаар тургундарын спортко, сергек жашоого чакырган иш чарага вице-мэр Венера Рыскулова да катышып, байгелүү орунду жетишти.
Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясынын, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин атынан баалуу белектер, дипломдор тапшырылды.
Массалык чуркоо 5-октябрь шаар күнүнө карата уюштурулуп, ага 12 жаштан 80 жашка чейин шаар тургундары катышты.