7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов Токтогул ГЭСинен кабар алып, көмүрдү өз убагында камсыздоону тапшырды

693

Бүгүн, 25-сентябрь Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Токтогул ГЭСиндеги жабдууларды капиталдык ремонттон өткөрүү жана монтаждоо иштери,  анын ичинде Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатынын жабдууларын алмаштыруу иши менен таанышты.

Ошондой эле ал жеринде тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. 

«Учурда 4-гидроагрегаттын негизги жабдууларын орнотуу боюнча монтаждоо иштери жүрүп жатат. Бардык энергетикалык объектилерде оңдоо иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБине отун жана көмүр жеткирүү маселеси өзгөчө көзөмөлдө«-Энергетика жана өнөр жай министрлиги күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Улукбек Марипов керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ГЭСтин жабдууларын калыбына келтирүү жана оңдоо, зарыл жабдууларды Токтогул ГЭСине жеткирүү боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

«Токтогул ГЭСиндеги монтаждоо иштеринин графигинде эч кандай кечигүү болбошу керек. Белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана 4-гидроагрегатты тез арада ишке киргизүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо зарыл», – деди ал.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин башчысы аймактардагы отун базаларына жана сатуу пункттарына керектүү көлөмдөгү көмүрдү өз убагында жеткирүү, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын кошумча импорттоо маселелерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

694