Бүгүн, 25-сентябрь той учурунда асманга курал аткан балдардын тасмасы интернетте таркады. Ош облустук милициясы бул тасма оперативдүү иликтөөгө алынып, учурда куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, окуя бүгүн, 25-сентябрь саат 14:26лар чамасында Өзгөн районун Зергер айыл аймагына караштуу Кайрат айылында катталган. Айылдын 38 жаштагы тургуну Х. А. С өзү жашаган турак жайда, баласын үйлөп той кылган.
Тасмадагы куралды аткан жаран, үйлөнүп жаткан баланын досу, ал эми куралды үйдүн ээси атайын Россия жергесинен, уулунун тоюнда асманга атуу үчүн сатып алганын айткан.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн учурда 2 даана 5,45 мм болгон ок атуучу куралдын гильзасы табылып алынган. Андан сырткары жарандын үйүнөң ИЖ-161 СХ-АК74М 5,45х39 20816834 үлгүсүндөгү үн жыгарып жарык берүүчү курал жана анын 8 даана 5,45 мм болгон октору далил буюм катары алынган. Бирок куралдын тийиштүү паспорту болгон эмес. Бирок, ькуралдын ээси, бул жөн гана үн чыгаруучу курал экендигин, андыктан аэропорттон да тоскоолдуксуз эле ачык сумкада алып келгендигин айткан.
«Сатуучу буга эч кандай кагаз кереги жок экендигин, себеби бул жөн гана үн чыгаруучу автомат экендигин айткандыктан 32 000 рубльге алгамын. Атайын уулумун тоюнча асманга атуу үчүн. Россиядан келе жатканда кол сумкада эле алып өтүп келдим, эч кандай тоскоолдук болгон эмес, себеби Россияда бул ачык эле сатылат«-дейт куралдын ээси.
Азыркы учурда, аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Далил буюм катары алынган ИЖ-161 СХ-АК74М 5,45х39 20816834 үлгүсүндөгү үн чыгарып жарык берүүчү куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.