7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулат

420

Ош шаарында Бишкектегидей таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Жогорку Кенештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү заводду курган компания менен келишим түзүлүп, эми Ош шаарында да таштанды иштетүүчү завод курулат.

“Биз жакынкы жылдары таштандыларды башкаруу саясатын ушул багытта чечебиз деген ниеттебиз. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү ири таштанды полигондорунда чыккан өрт чоң көйгөй болуп эсептелет. Аларды өчүрүүгө көп аракеттер болуп жатат”,- деди министр.

Эскерте кетсек, Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктаган. Заводдо суткасына болжол менен миң тоннадай таштанды чогулуп, күнүнө 1200 тонна таштандыны кайра иштетип, 30 МВт электр энергиясы өндүрүлөт. Күйгүзүлгөн таштандылардын калдыгы болгон күлдөн курулуш материалдары чыгарылары маалымдалган. Ишкананы курууга жалпы көлөмү 95 млн доллар өлчөмүндө инвестициялык каражат жумшалган.

421