7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында заманбап Инновациялык жана лидерлик академиясы ачылды

717

Ош шаарында табигый жана так илимдерди тереңдетип окуткан жаңы “Инновациялык жана лидерлик академия” аттуу жаңы инновациялык мектеп ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектептин салтанаттуу ачылышына Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гарретт, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова жана Ош шаарынын бизнес жана жарандык секторунан келген башка коноктор катышты.

Вице-мэр жаңы заманбап технологиялар менен билим берүүгө багыт алган мектепке ийгилик каалап, окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга чоө салым кошот деп кошумчалады.

Мектептин директору Айжан Токтошева жогорку квалификациялуу мугалимдер иштеп, заманбап жабдуулар менен камсыздалган деп билдирди.

Жаңы билим берүү уясы 1-класстан 11-класска чейин 360 орунга ылайыкталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

718