7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында «Жылдын мыкты мугалими-2021” сынагын жеңген жаш мугалимдерге батир жана автоунаа белекке берилди

971
Бүгүн, 20-майда Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында «Жылдын мыкты мугалими-2021» кароо-сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр батир, автоунаа,  тиричилик техникалары жана Ысык-Көлгө жолдомо менен сыйланды. Сынакка жалпы 42 мугалим катышып, финалдык баскычка 7 мугалим чыккан.
Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов демөөрчүлөр менен биргеликте жеңүүчү мугалимдерге төмөнкү белектерди тапшырды.
Сынактын баш байгесин утуп алган №52 Кыргыз-түрк достугу мектебинин мугалими Ильгиз Шамырзаевге батир тапшырылды. Батир «Эмаком» курулуш компаниясынын демөөрчүлүгү менен берилди.
  • 1-орунду Ломоносов атындагы гимназия мектебинин Кыргыз-тил мугалими Момуналиев Капар алып, автоунаа белекке алды. Автоунаа “Визион” курулуш компаниясы тарабынан берилди.
  • 2-орунду алган №5 мектебинин биология мугалими Айдана Кадыровага Ош шаарынын мэриясынын атынан муздаткыч, компьютер, түстүү принтер жана кир жуучу машина тапшырылды.
  • 3-орунга мэрия тарабынан компьютер, түстүү принтер жана “робот чаң соргуч” берилди. 3-орунду №38 мектебинин башталгыч класстар мугалими Мөөргүл Мамытова алган.
Мындан тышкары «Карс» такси кызматы тарабынан 3 мугалимге Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо тапшырылып, сынакка катышкан мугалимдер үчүн ноутбук, чаң соргучтар жана сматфондор берилди.
Салтка айланган мыкты мугалим кароо-сынагы мугалимдерге демине дем берип, стимул катары гана калыптанбастан, өздөрүнүн кесибин ардактап, балдарга билим берүүдөгү тажырыйбалары менен бөлүшүүг жакшы шарт түзөөрү анык.
Бул сынак өзгөчө багытта уюштурулуп, мугалимдерге чыныгы мугалимдик кесип барктуу экендигине баа берүүчү сынак катары өткөрүлдү. Ош шаарынын мэриясы тарабынан сынакты туура, калыс өткөрүү үчүн атайын мектепти жакындан билген, мугалимдин иш аракетин талдай ала турган кесипкөй адистерден калыстар тобу түзүлгөн. Сынакка катышкан ар бир талапкер өзүнүн аракетин,чыгармачылык дараметин, мыкты чеберчилигин жана өзүнүн чыгармачыл өнөрканасын көрсөтө алды деп ойлойм. Ошондуктан бүгүнкү өткөрүлгөн сынакты да өз демилгебиз менен уюштуруп, жеңүүчүлөрдү татыктуу белектер менен сыйлоону чечтик. Бүгүнкү сиздер ала турган батир,автоунаа жана башка баалуу белектер демөөрчүлөр жана шаардык мэрия тарабынан берилүүдө. Андыктан баардык колдоо көрсөткөн демөөрчүүлөргө чын дилден ыраазычылык билдирем”,-деди шаар башчысы Т. Сарыбашов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

972