Кеминге ар бири 2500 долларлык «Дорпер» породасындагы 102 баш кой алынып келинди
1329
Чүй облусунун Кемин районуна жеке фермер Австралиядан учак менен ар бири 2500 доллар болгон 102 баш кой алынып келинди. Келечекте дагы 1000 баш кой алып келүү планы бар. Койлор сырттан келгендиктен 30 күнгө карантинге киргизилди. Бир ай бою мал доктурлардын көзөмөлүндө болот.
Кече 19-май Айыл, токой жана суу чарба министри Аскарбек Джаныбеков Кеминдин Орловка айылында жайгашкан кой өстүрүү чарбасы менен жеринен таанышты. Бул чарба бодо малды асылдандыруу жана бордоп семиртүү менен алектенсе, эми койдун ушул тукумун көбөйтүү үчүн кайра даярдалган.
“Дорпер” породасы Африка менен Англиянын койлорунун аргындаштыруусунан келип чыккан.
Бул койдун этин май каптап, семирбейт. Эти «Абердин-ангусс» породасындагы букалардын этине окшош. Атайын жем-чөп тандабайт. Бир жылда 2 жолу, анан дагы көбү эгиздеп төлдөйт. Тирүү салмагы 140 килограммга чейин барат.
“Дорпер” породасы дүйнөдөгү эң көп керектелүүчү булгаары болуп саналат жана бул койдун териси Cape Glovers деген ат менен сатылат.