20-майда, министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Ак-Суу районундагы айрым саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдирди.
Маалыматка ылайык, облус башчысы коронавирусту жайылтпоого, бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге жетиштүү шарттарды түзүү боюнча райондук жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, Ак-Суу районунун борбору болгон Теплоключенко айылынын «кызыл зонасында» даарыланып жаткан бейтаптардын абалы менен таанышып, дары-дармектердин жетиштүүлүгү боюнча маалымат алды.