7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарындагы Ала-Тоо кафеси толугу менен күйүп кетти

425
Ош шаарындагы Ала-Тоо кафеси толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-март күнү саат 03:38 чамасында Масалиев көчөсүнүн №16Б дарегинде жайгашкан “Ала-Тоо” кафесинен өрт чыккан. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.
«Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №12 ӨКБдан 2 бөлүм, Штаб. Мындан тышкары ИИМден 2 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 04:13тө чектөөгө алынып, саат 06:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 1541 чарчы метр түзгөн. Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда», — деп берилет маалыматта.
426