7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар тарабынан бир катар экономикалык-социалдык көйгөйлөр айтылды

487

Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Алсак, депутат Эрмамат Тагаев Ош жана Баткен облусунда чыгарылып жаткан цементтин баасы кымбат болуп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү элдин кайрылуусуна токтолуп, Өкмөт өкүлүн аталган маселеге көңүл бурууга чакырды.

«Жергиликтүү цементтин тоннасы 71 АКШ доллары болуп жатыптыр. Ал эми Өзбекстандыкы 40 АКШ долларынын тегерегинде сатылып жаткан экен. Мындай эки эсеге жакын айырмачылык болбош керек эле», — деди депутат Эрмамат Тагаев.

Ал эми депутат Умбеталы Кыдыралиев Таш-Көмүр шаарындагы социалдык мекемелерди оңдоп-түзөө маселесин көтөрүп, анын ичинин оорукана, бала бакча имараттары жана маданий жайлар тууралуу сөз кылды.

Ал эми депутат Улан Примов Памир аймагынан Кыргызстанга көчүрүлүп келген мекендештерибиз үчүн быйылкы жылга акча каралбай калганын эске салып, аталган маселе чечилиши керектигин кошумчалады.

488