Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.
Алсак, депутат Таабалды Тиллаев күйүүчү майдан баштап күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөргө чейин баасы көтөрүлүп, жарандар үчүн оорчулук туулуп жатканына токтолуп: «Өкмөт бул жаатта тиешелүү чараларды көрүшү зарыл»,- деди. Андан сырткары, жазга улай табигый кырсыктардын алдын алуу багытында керектүү жумуштар жасалышы керектигин кошумчалады.