7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Галина Байтерек: Садыр Жапаровдун жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду

624

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Facebook аккаунту талкаланганын жана ал соңку комментарийлерди өзү жазбаган. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек маалымдады.
«Президент Садыр Жапаровдун Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду. Ниети бузуктар аталган баракчадан ар кандай посттор менен комментарийлерди калтырышкан. Акыркы комментарийлерге мамлекет башчысынын эч кандай тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт», — деп билдирди Байтерек.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарга ЖМКлардын бири депутат Дастан Бекешев «Жаңы «Ханституция» элдин шору болот» деп айткан видеосун чыгарган. Анын астына Садыр Жапаров деген ат менен катталган аккаунт одоно комментарий жазган. Ушу тапта бул билдирүүнүн кызуу талкууланып жаткан чагы.

625